0 16.9 тыс 0 Общество

“Неберем курьер болом деп бир айга жетпей камалыптыр”

Поделиться

Ош шаарынын тургуну Рысбү Абдыраева Орусияга иштегени кеткен небереси Улукман Капаровдон маалымат ала албай жатканын айтып кайрылды. Анын айтымында, небереси 2022-жылы күздө Орусияга иштегени кетип, акыркы жолу 2023-жылдын февралында байланышка чыгып, курьер болуп иштеп жатканын айткан. Андан бир ай өткөндөн кийин эле Улукмандын теңтуштары Рысбү апага небереси баңгизаты менен кармалганын кабарлаган. Жашы жетимишти таяп калган Рысбү Абдыраева небересин издеп Орусияга бара албай жатканын айтып кайгырды. Улукмандын ата-энеси ажырашып кетип, чоң энесинин колунда өскөн. Видеону “Азаттыктын” “Мигрант медиа” долбоору даярдады              Чет жердеги журтташтар!         Эгер биз менен бөлүшө турган ийгилигиңиз же көйгөйүңүз болсо “Мигрант Медиа” долбоорунун +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз.   #москва #мигрант #орусия #MigrantMediaCentralAsia #курьер _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg
https://www.instagram.com/azattykmedia/
Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org
https://www.facebook.com/azattyk
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также