0 16.9 тыс 0 Общество

Азаттык: Кечки радио эфир | 16.12.2023

Поделиться

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайдын жыйынында мамлекеттик тууга өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин билдирди. Ал президенттик кызматтагы үч жыл ичинде эки тараптуу жолугушууларга жана ар кандай саммиттерге катышуу үчүн 30дан ашык өлкөлөргө барганын, айрым жолугушууларда “силер чемичке өндүрүп май чыгарасыңарбы?” деген суроолор берилгенин айтты. “Спикер Нурланбек Шакиевге “Нурлан ушундай-ушундай болуп атат. Желекке оңдоп-түзөтүү киргизүү менин ыйгарым укугума кирбейт. Жогорку Кеңешке туунун авторлорун чакырып кеңешип мүмкүн желектеги күндүн нурун кичине түздөп, түндүгүндөгү чамгаракты төрткө көбөйтүп койбойлубу?” деп мен сурандым. Нурлан Шакиевди тепкилебей мени тепкилегиле”, - деди президент. Президент сөзүнүн аягында залда отургандардан желекке өзгөртүү киргизүү демилгесин колдоп берүүнү суранды. Курултайдын делегаттарынын айрымдары кол чапты. Бирок тууну өзгөртүү сунушу колго салынып, добуш берилген жок. Элдик курултайда сөз сүйлөгөн бир нече киши желекти өзгөртүүгө каршы экенин билдиришкен. 15-декабрда алардын бири Айтбек Курманов Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, тууну өзгөртүү демилгесинен баш тартууга чакырып, Бишкектеги райондордун атын өзгөртүү сунушун берген. _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg
https://www.instagram.com/azattykmedia/
Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org
https://www.facebook.com/azattyk
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также