Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Казакстандын Алматы-Ташкент автожолундагы кар күрткү, бороон-чапкындан улам жолдо калган кыргызстандыктарга куткаруучуларды жөнөттү. Министрликтин маалыматында, Казакстандын Алга айылы менен Кордой айылынын ортосунда 100-150дөй машина жүргүнчүлөрү менен Кыргызстанга өтө албай турат. Ал аймакка Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин куткаруучулары, оор техникалары иштеп жатканы кабарланды. Учурда Бишкек-Алматы жолу жабык. Казакстан Жамбыл облусунун Кордой жана Чу райондорунда өзгөчө кырдаалдар режимин киргизди. #радиоэфир #жанылыктар #кордай #кыш _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -
https://www.instagram.com/azattyk.kg https://www.instagram.com/azattykmedia/ Фейсбук -
https://www.facebook.com/azattyk.org https://www.facebook.com/azattyk Ютуб -
https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм -